Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 28-январындагы чечими менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы төрагасы Бакир Таировго карата камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын колдонуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу райондук соттон билдирди.
Маалыматка ылайык Таиров 2-апрелге чейин түрмөдө отурат.
Эске салсак, ал чоң суммадагы акчаны талап кылууга шектелип кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн