Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бакир Таировду өкмөттөгү кайсы таасирдүү фигура бошоткону жатат?

04.01.2021 16:45
668
Бакир Таировду өкмөттөгү кайсы таасирдүү фигура бошоткону жатат?


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) мурдагы төрагасы Бакир Таиров мыйзамсыз акча алган деген шек менен 2 айга камакка алынган.


Ал шайлоо учурунда бийликчил партиялардын бирине деп бир канча ишкерлерди опузалап, алардан 1,2 млн доллар каражат алганы айтылган. Учурда Таировду азыркы өкмөттөгү таасирдүү фигуралардын бири бошотуп алууга киришип, бул үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатыптыр. Бул тууралуу биздин ишенимдүү булактар кабарлады.


Таировду каза турган болсо башка кылмыш иштерден да кулагы чыгышы мүмкүн. Азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшү натыйжа берип, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чечкиндүү кадамдарды жасап жатканда буга жол берилбеши керек. Эгер соттор Таировду бошото турган болсо жаңы бийликке деле элдин ишеними төмөндөй башташы толук ыктымал.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн