Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 22:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бакир Таировдун “башында” турган депутат менен экс-чиновник да камакка алынабы?

14.12.2020 09:57
2042
Бакир Таировдун “башында” турган депутат менен экс-чиновник да камакка алынабы?

10-декабрда Экономикалык кылмыштуулуука каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Бакир Таиров мажбурлап акча өндүргөн деген шек менен кармалган.  


Маалыматка ылайык, Таиров 2020-жылдын октябрь айында өткөн Жогорку Кеңештин шайлоосунун алдында партиялардын бирин каржылоо деген шылтоо менен бир катар бизнесмендерди мажбурлап, алардан акча талап кылган.  Андан кийин  жергиликтүү басылмалардын бири Таиров кайсы мекемелерден опузалап акча алганын жазып чыккан. Алардын катарында бир топ жеке компаниялар бар. Ири ишканалар: “Фрунзе” гипермаркеттер тармагы, “Технотоп” ЖЧКсы, “Электросила” ЖЧКсы жана дагы майда фирмалар бар. Алардан коркутуу жана опузалоо жолу менен жалпы суммасы 1 миллион 200 миң доллар алган.


Ишенимдүү булактар кабарлагандай, Таиров салмактуу партия үчүн деп акча “сындырган”. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Бакир мырзага каршы көрсөтмө бере турган ишкерлердин саны арта баштаптыр. Жогорудагы компаниялар чети эле дешет. Булар башка бизнесмендерден да опуза жолу менен акча талап кылганы жакында ачыкка чыгабы? Андан соң парламенттеги бакыйган депутаттардын бири менен мурдагы бийлик тушунда Ак үйдө таасирдүү болуп турган экс-чиновниктин кыңыр иштери  билинеби? Андан соң алар камалабы? 


Бирок, бул иштин “каармандары”, жада калса парламенттеги айрым депутаттар  учурдагы бийликтин таасирдүү мүчөлөрү менен сүйлөшүп, акча менен басып коюу аракетин да кылып жатканы кандай? Садыр Жапаров ага жол бербесе керек. Же ага маалымат жетпей жатабы?


Канатбек Аскаров

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Тологон
Төрө менен Алмамбет тууралуу сөз болуп жатканы белгилуу эле. Табышмактатпай жазбайсынарбы ала куштун атын атап.