Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бакир Таировго Пирматовду калкалаганы үчүн дагы бир кылмыш иши козголобу?

15.12.2020 09:44
1107
Бакир Таировго Пирматовду калкалаганы үчүн дагы бир кылмыш иши козголобу?


Ушул жылдын 10-декабрында Экономикалык кылмыштуулуукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы (Финполиция) Бакир Таиров мажбурлап акча өндүргөн деген шек менен кармалган эле. Ал “Фрунзе” гипермаркеттер тармагы, “Технотоп” ЖЧКсы, “Электросила” ЖЧКсы жана дагы майда фирмаларды опузалап, шайлоодо бийликчил партиялардын бирине акча чогултканга шектелүүдө.


Биздин ишенимдүү булактар Таировдун башка кылмыш иштери да бар экенин кабарлады. Көрсө Финполициянын мурдагы жетекчиси далай коррупционердин кылмыш иштерин билип турса да калкалап, алардан тиешелүү “долясын” алып турган дешет. Жогорку Кеңештин депутаты, 5-6-октябрь окуяларынан бери “дайынсыз” болуп жаткан Исхак Пирматов да мындайлардын катарында экени чынбы? Ошондо Таиров Пирматовдун кыңыр иштерин жашырганбы? Азыр анын ордунда иштеп жаткан Сыймык Жапыкеев ушул маселени көтөрүүгө духу жетеби? Эгер Пирматовго козголгон кылмыш иштерин көтөрүп чыга турган болсо ал мамлекетке 500 млн. сомго чейин акча кусабы? Муну эми көрө жатарбыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн