Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 15:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

«Бакырчаактарга» күнүбүз түштүбү?

26.04.2021 11:16
1058
«Бакырчаактарга» күнүбүз түштүбү?


Өткөн кылымдын 35-жылы эле (1935-жылы) И. Сталин: «Кадрлар баарын чечет» деген учкул сөзүн айтты эле. Сөздүн ток этер жерин айтканын тарых өзү тастыктап келет. Башкаларга үңүлбөй, өзүбүздүн эле Кыргызстандын акыркы отуз жылдык тарыхын карайлы. Туңгуч ажо Аскар Акаевдин, андан кийинки Курманбек Бакиевдин чет мамлекеттерде аргасыздан баш калкалап жүрүшкөнү, Алмазбек Атамбаевдин абакта отурганы, Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин мөөнөтүнүн аягына чыкпай калганы – баары келип эле кадрларга байланыштуу болду. Мамлекеттик маанилүү кызматтарга өз ишин сүйгөн, мыкты адистерди тартуунун ордуна, кошоматка кой сойгондорду жана жакын мамиледе болгондорду дайындай берүүнүн натыйжалары деп билсек болот.


Буга чейинки бийликтегилердин тушунда шоопур, жансакчылар жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындалып келген болсо, эми көбүрөөк кыйкыра алгандар мамлекеттик кызматтарга дайындала баштады. Мындан бир нече ай мурун видеокайрылуу аркылуу ыйлап, президентке кеңешчи болгусу келгенин билдирген Бакай Кашкарбаев Айыл чарба министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси кызматына дайындалганы белгилүү болду. Расмий түрдө ал кызматына бүгүн 26-апрелде киришти.


Ушул күнгө чейинки таржымалында Бакай Кашкарбаев деги эле мамлекеттик кызматта иштеп көргөн эмес. Минтип дароо эле минитсрдин кеңешчиси кызматына барып жатат. Эгерде айыл-чарба тармагын жакшы билген, ошол тармакта мурда эмгектенип жүргөн кадр болсо да эч ким эч нерсе дебейт эле. Тилекке каршы, ал буга чейин айыл чарба тармагына таптакыр тиешеси болгон эмес. Коомчулук аны өткөн жылдын октябрь айынын башынан тарта гана биле баштаган. Билгенде да дароо эле ар кимди видеокайрылуулар аркылуу коркутуу-үркүтүүлөргө алып жатканы менен билген. 2021-жылдын январь айынын орто ченинде ага Башкы прокуратура кылмыш ишин да козгогону маалым. Буга себеп анын 2020-жылдын 15-ноябрында Чолпон-Ата шаарында бир нече белгисиз адамдар менен бирге Ысык-Көл облусунун прокурорун коркутууга алганы болгон. Андан тышкары Ысык-Көл райондук сотунун имаратына кирип барып, соттор менен жаңжал чыгарганы да айтылган. Кийин Каракол шаардык сотуна кирип барып, сотторду коркуткан.


Айтор, ошол кылмыш иши эми эмне болгону белгисиз. Ал жасаган мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жооп берүүнүн ордуна минтип кызматка дайындалып отурат. Мындай кызматтык дайындоо бийликке көлөкө гана түшүрүп жатканын атып коюу керек. Эгерде Айыл чарба министрине кеңеш бере турган адамдын таржымалы ушундай болсо, анда бул тармакта жылыш болорунан деле күмөн жаралат. Ар бир тармакка кесипкөй, популизм менен эмес, иши менен оозго алынган кадрлар келсе гана коомдо стабилдүүлүк орноп, өнүгүү да болот.


Туура, ар бир келген бийликтин санаалаштары болот. Бирок, биздин бийликке келишибизге салымы болду эле деген гана критерий менен кадр тандоо жаңылыштык. Анда кайра эле ошол бийликке келишине себепкер болгондор, кетишине да себепкер болуп калышы мүмкүн. Эл албетте чыдайт, бирок дайыма эле чыдай бербей турганын буга чейинки окуялар көрсөтпөдүбү.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн