Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бакирдин Таиров парламенттик шайлоодо иниси үчүн акчаны суудай агызабы?

18.11.2021 13:43
3629
Бакирдин Таиров парламенттик шайлоодо иниси үчүн акчаны суудай агызабы?


Жоюлуп кеткен финансы полициясынын мурдагы төрагасы Бакирдин Таиров 2020-жылдагы парламенттик шайлоого карата партиялардын бирин каржылоо максатында мыйзамсыз акча жыйнады деген шектин негизинде УКМК тарабынан кармалган эле. “Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында октябрь айындагы парламенттик шайлоо алдында Финполдун мурдагы төрагасы Т.Б. саясий партиялардын бирин каржылоо керек деген шылтоо менен мамлекеттик органдын башчысын ири суммадагы акча которууга мажбур кылганы белгилүү болду”, - деп айтылган атайын кызматтын тараткан билдирүүсүндө. 


Анан эмне болду? Көп өтпөй Бакирдин Дуулатович тергөө менен кызматташып, мамлекеттин эсебине 20 млн сом которду. Ушунун өзү коррупционер экенин мойнуна алганын ырастайт эмеспи? Ошого карабай, экс-финполчу карачечекей иниси Дуулатов Айбек Дуулатовичти “Ынтымак” партиясынын 30-тизмесине коштуруп, Жогорку Кеңештин депутаттыгына өткөрүү үчүн шымалана чуркап жүргөн кези. Шайлоо кампаниясына оңбогондой каражат сарпталары калетсиз. ИИМ тармагында катардагы кызматкерликти аркалап жүргөн Айбек мырзада кайдагы каражат болмок эле? Ал үчүн, агасы акчаны суудай агызбайбы? 


Азыркы бийлик парламенттик жарышты таза өткөрүүгө шымалана киришти. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров добушту саткан да, сатып алгандар да мыйзам алдында жоопкерчиликке тартыларын эскертти. Ал ортодо, депутаттыкка талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири добуш сатып алууга шектелип кармалды. Мунусуна караганда, дагы далай талапкерлер жана алардын жакындары кылтакка илинчүдөй. Бийликтин мындай аракетин колдошубуз керек. 


Буга токтолгонубуздун олуттуу себеби бар. Бакирдин Таиров инисине көп добуш жыйнаш үчүн добуш сатып алууга билек түрүнө киришпейби? Мындай кадамга барса, инисине олуттуу зыянын тийгизип албайбы? Айтор, суроолор арбын. Бакирдин мырза үн катып, элдин бүйүрүн кызыткан маселелерге чекит коёр...


Жыргалбек Айтбаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн