Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 00:42
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бакыт Бакетаев: Абылгазиевдин кызматтан кетүүсү өтө өкүнүчтүү болуп калды

16.06.2020 10:00
1577
Бакыт Бакетаев: Абылгазиевдин кызматтан кетүүсү өтө өкүнүчтүү болуп калды


Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөт башчылык кызматтан кетүүсү мамлекеттик көз караш менен караганда өтө өкүнүчтүү болуп калды. Мындай пикирди саясат таануучу, серепчи Бакыт Бакетаев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.  

 

Ал белгилегендей, биринчиден алдыда парламенттик шайлоо турат. Ушул чоң саясий иш-чараны өткөрүп анан кетсе, добуш берүү өнөктүгү стабилдүү аяктамак. Себеби аймактарда анын кадрлары иштеп жатат: акимдерди, өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүн жана башка жергиликтүү бийлик башчыларын кызматка койгон, ошондуктан алар Абылгазиевдин командасы болуп калган.


Экинчиден учурда Кыргызстандын экономикасы чөгүп баратат. Ушундай оор акыбалда баарын таштап кетти. Менин оюмча, ал киши өзү кетпейт болчу. Радио жыштыктар боюнча иш чоң кылмыш ишине айланып, тергөө иштери сот менен чечилет окшойт. Ошондуктан отставкага кетүүгө мажбур болду. Ал иштеп жаткан кезде өзүнө каршы бир топ оппоненттерди таап алган эле”, - деди Бакетаев.

 

Муну менен катар серепчи премьер-министрликке экономикалык кыйчалыш абалдан жеңил алып чыгууга көзү жеткен, таланттуу, амалкөй адам келиши керектигин айтты. “Менин оюмча, бул орунга депутат Акылбек Жапаров татыктуу. Ал ушундай оор абалда жолду таба алган тажрыйбалуу, күчтүү финансист-экономист”, - деп кошумчалады Бакыт Бакетаев.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн