Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 10:33
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бакыт Бакетаев: «Шайлоонун босого чеги 9 пайыз бойдон калышы керек»

11.02.2020 17:04
728
Бакыт Бакетаев: «Шайлоонун босого чеги 9 пайыз бойдон калышы керек»



2017-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары парламентке өтүү үчүн босого чегин 9 пайызга жогорулатууну колдошкон. Эми 9 пайыздык босого чегин төмөндөтүү сунушталып жатат. Бүгүнкү күндѳ эл ѳкүлдѳрү аны пайызга түшүрүү тууралуу сунушту талкуулоодо. Бул маселе боюнча саясат таануучу Бакыт Бакетаевге  суроо узатты.


- Эл ѳкүлдѳрү шайлоонун босого чегин 9 пайыздан ылдый түшүрүүнү сунуштап жатышат. Буга сиздин оюнуз кандай?



-  Шайлоонун босого чеги 9 пайыз бойдон калышы керек. Себеби демократиялык мамлекеттерде, Жогорку Кеңеште 3-4 партиядан ашпоо талабы бар. Ошону сактаганыбыз туура. Анкени Кыргызстан демократиялык багытты кабылдаган.


- Буга чейин босого чеги кѳтѳрүлгѳн себебин кандай түшүндүрѳсүз?


- Ооба, 2017-жылы 7 пайыздан 9 пайызга кѳтѳрүлгѳн. Жогоруда айткандай партиялардын санын азайтуу, табыгый ыкма менен партияларды бириктирүү максатын кѳздѳгѳн. Ошол себептен, партиялар биригүүгѳ аракет жасашы керек.


- Майда партиядар боюнча пикириңиз кандай?


- Бүгүнкү күндѳгү майда партиялар кѳп иш аткара алышпайт. Алардын ресурсттары чектелүү да. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн