Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 14:18
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Бакыт Эргешович, жалганыңыздан сиз эмес, мен уялып кеттим...

25.04.2021 01:08
1600
Бакыт Эргешович, жалганыңыздан сиз эмес, мен уялып кеттим...


Бакыт Эргешович!! Оозу мурдуңузду кыйшайтпай туруп бүгүн түз эфирде жалган айттыңыз!! Ушул убакытка чейин мейли эми, саясатчылардын ортосундагы адат деп унчукпачу элем, бүгүн айтайын...

Азыр эле Ибрагим Нуракун уулунун түз эфир учурунда "Мен ошол учурда Ош шаарында мэр болуп турган Мелис Мырзакматовго болушуп, Атамбаевге каяша айткам"- дедиңиз. Сиздин ордуңузга мен уялдым, чынын айтайынбы. Так ошол ызы-чуу күнү мен коридордон сизди токтотуп "Бакыт Эргешович, Атамбаев Мелис Мырзакматовду иштен алып атыптыр, кечээ эле аянтта чапан жабышып аттыңар эле го. Пикир айтып койсоңуз" - десем колуңузду "крест" кылып, чуркап залга кирип кеткениңизди бүтүндөй журналисттер көргөн. Анда жаңыдан парламентке барып жүргөн журналист катары саясатчылардын эки жүздүүлүгүн байкай элекмин. Үстүмдөн муздак суу куюп жибергендей болгом. Анан орозонун улуу күнүндө ушинтип айтканыңыз чынын айтсам дагы мени селейтти.....


Баяна Кулова, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн