Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бакыт Мамытканов, эксперт: “6 пайыздык кредитке банктар тарабынан тоскоолдуктар бар”

26.08.2023 12:06
874
Бакыт Мамытканов, эксперт: “6 пайыздык кредитке банктар тарабынан тоскоолдуктар бар”


- Мамлекет тарабынан жеңил пайыздагы насыя дыйкан фермерлерге бөлүнгөнү байма-бай айтылып келет. Бул кредиттер ээсин таап, карапайым адамдар алып жатышабы? Деги эле дыйкандарга жетеби? Банк тарабынан кандай тоскоолдуктар бар?


- Ооба, бул кредит бөлүнгөн. Агрокластерге деп 12 кластерге каралган. Ар бир кластерге 1 миллиард сомдон бөлүнгөн. Мунун ичинен “55%га чейинкилери фермерлерге, калган 45%ы өндүрүүчүлөргө бөлүнсүн” деген токтом чыккан. Бир жылдын ичинде эт менен сүткө кредит толугу менен бөлүнүп бүттү. 1 миллиарды сүткө, 1 миллиарды этке кетти. Андан тышкары, картошка, фасоль, жашылча- жемиштерге дыйкандар азыраак кредит алып жатышат. Балчелек кармагандарга 300 миң сомго чейин күрөөсүз берилүүдө. Негизи фермерлер 5 миллион сомго чейин алса болот. Анан эми банктардын ортосунда дагы чакан тоскоолдуктар болууда. Банкта мындай кредит тууралуу маалымат жокпу, же толук бербей жатышабы, айтор, банкка келип кредит алабыз дегендерге “500 миң сомду жеңилдетилген 6% менен беребиз. Калган 500 миң сомун 20% менен беребиз” деп банктар ушундай сунуштарды киргизип жатышат. Мунун канчасы мыйзамдуу, канчасы мыйзамсыз экенин билбейбиз. Андан тышкары, банктардын дагы өз саясаты бар экен. 40 районду камтышып, аз-аздан бөлүп коюшкан. Мисалы, “500 миң сомдон, же 1 миллион сомдон беребиз” деген саясаттары бар. Бир фермер келип банктан “5 миллион сом алам” десе, “акча жок” деп коюшат. Себеби, майдалап банктарга таратып жиберишкен. Бул боюнча айыл чарба министрлигине кайрылдык эле, буюрса маселе чечиле тургандай болуп турат. 

Андан тышкары, эки кластерге эң көбүрөөк кредит берилип (сүт жана эт багыты), 1 миллиард сом түгөнүп калды. Азыр башка кластерлерден да бөлүнүп, кошулганы турат. Белгилеп айтсам, учурда 5 миллиарддан ашык сумма  банктарда жатат. Атайын өкүлдөргө кайрылсак, “Улуттук банктын алдында биздин да милдеттерибиз бар, чечип бере албайбыз” дешүүдө. Аларды текшерген, көзөмөлдөгөн деле киши жок, канчалык чындыкты айтып жатышканы белгисиз. 6%дык кредит тууралуу айтышпайт, беришпейт. Берсе дагы “жарымын 6% менен, жарымын 20% менен алгыла” деп элге үстөмдүк кылышууда. 


Жамиля Нурманбетова 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн