Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаев август айында жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу 1-ноябрда Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жол кырсык 14-августта түнкү саат 23:00дө Жукеев-Пудовкин менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Матмусаев башкарып бара жаткан «Тойота Камри» унаасы «ДЭУ Матиз» жана «Мазда» унаалары менен сүзүшкөн.
«Унаалар айып короого киргизилген. Учурда керектүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалды, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет», - деп айтылат Кайгуул кызматынын маалыматында.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн