Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 14:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бакыт Нурдинов: Бийлик Муфтияттын ишине кийлигишүү оорусунан арыла албай жатат

30.03.2021 10:30
2565
Бакыт Нурдинов: Бийлик Муфтияттын ишине кийлигишүү оорусунан арыла албай жатат

 

Муфтийлик орунга талапкерди тандоодо мамлекет чектен чыкпай көзөмөл салышса, өздөрү эле татыктуусун тандап алышат. Бул тууралуу Кыргызстандын дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, Аалымдар Кеңеши деле ошондой. Кыскасын айтканда, буга чейин бийлик Муфтияттын ишине кийлигишип келишкен, азыр деле ошол оорудан арыла албай жатышат.


- Кээ бир диний ишмерлер ажылык сапарды уюштуруу иштерин Муфтият жеке фирмаларга өткөрүп берсе болмок, анткени акча бар жерде чыр боло берет деп айтышат. Буга кандай карайсыз?


- Ажылыкты Муфтияттан алып башкага бериш үчүн мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү керек. Тактап айтканда, Жогорку Кеңеш гана жүйөлүү себептер менен гана мыйзамга оңдоо киргизе алат. Ага себептер жок. Эмне дегенде, быйылкы Муфтияттагы каржы багытындагы мыйзам бузуулар бир же эки адамдын факторуна эле байланышкан. 2014-жылдан бери ар бир ажылык сапардан кийин отчетту угуу менен ошол эле Аалымдар Кеңеши жана тиешелүү мамлекеттик органдар "жакшы" жана "эң жакшы" деген баа берип келишкен. Ошондуктан жүйөөлүү себептер жокко эсе. Эми ажылыкты башка фирмаларга берсе, кандай коркунучтар бар экенин айтып кетейин: Биринчиден, Ибадат бузулат. Экинчиден, каражат эки эсе кымбаттайт, 5 миң же 6 миң доллар болот. Себептери көп. Мисалы, Муфтият аркылуу барганда Мекке шаарында акысыз мейманканаларга жайгашса, мында ченебеген акы төлөп калышат. Үчүнчүдөн, тартип жоголот да, фирмалардын башаламандыгы жана коррупция күчөйт. Мисалы, утуп алган фирмалар бийликтеги адамдардын кишилери болот да, ар бир алмашкан бийликте талашып-тытышып турат. Булар бери жактагы эле "цветочкасы" эле болот.

Дагы бир айта турган жери Сауд Арабиядагы ажылык министирлиги Муфтияттар менен гана жакшы иш алып барышат. Мисалы, жылда Минадагы чатырларга акча кошууда, Муфтия менен алака түзүп, акчаларды көп көтөрбөйт, ал эми фирмалар менен сүйлөшпөйт да каражатты көтөрө беришет.


- Муфтиятты мамлекеттик орган катары кабыл алып, мамлекет тарабынан каржылоо болуш керек дегендер бар. Сиз кандай ойлойсуз?


- Мамлекет Муфтияттын каржы маселесине кийлигишпесе эле өзүн - өзү каржылай алат. Экинчиден, мыйзам ага жол бербейт. Үчүнчүдөн, мамлекттин шайы келбейт. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн