Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бакыт Нурдинов Муфтийди шайлоо эмнеге кечигип жатканын айтып берди

19.05.2021 14:04
1405
Бакыт Нурдинов Муфтийди шайлоо эмнеге кечигип жатканын айтып берди

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы ( КМДБ) жаңыланууга, реформага муктаж болсо, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия (ДИМК) дагы жаңыланууга жана реформага муктаж экен. 


 Кечээ, азыркы убактагы дин чөйрөдөгү ахыбал жөнүндө жаздым эле. Ага кошуп Дин Комиссиясынын директору Медер Карабаевдин иш алып бара албай аткандыгын дагы кошуп жазгам. Ошону менен жазууну токтотуп коеюн десем, тийишип, өзүлөрү суранышты. Жетекчисине кошоматтанганыбы же Медер өзү жаздырдыбы, кыскасы анын кызматкерлери Айбек, Кубанычбек ж.б. мага чабулга өтүштү. Алардын айтымында мен БТКнын мүчөсү катары жаап, жашырып, эшек такалап жүрүпмүн. 


Биринчиден, мен БТКнын төрагасы эмесмин. Экинчиден, РСК банктагы "распечатканы" акыркы күнгө чейин көргөн да эмесмин, доступ да болгон эмес. Муфтияттын бухгалтеринин каржылык мыйзам бузуулары Күч Түзүмдөрү аркылуу коомчулука чыгып кеткенден кийин, аны кыйкырыштын эмне кажети бар эле. Мен билгенден чыгарылып кеткен каражат, кайра ордуна коюлуп жатат жана бул иш дагы деле тергөөдө да...


Менин укканыма караганда Медер Карабаев Дин Комиссиясынын директорлугуна Арзыбек Бурханов менен Искендер Гаипкуловдун "батасы" менен келген экен. Ал "мент" эмеспи келгенден кийин алардын адамын муфтийлике түртпөй эле өзүнчө ойной баштайт. Так билбейм, бирок көпчүлүк аны "Кызметчи" дешет. Апрелде өтүүчү Мусулмандардын Курултайын ушул Медердин "оюну" менен жылдырылган дешет. Анткени Курултайдын алдында өйдө жактан муфтийлике теолог Ниязалы ажы Ариповду коесуңар делет. Ал Аалымдар Кеңешинин кээ бирин чакыртып, "ушундай" айтылды дейт. Алар СМИге чыгып Түрктөр "кийлигишип" атат деп жарыя кылып жиберишет да биринчиге арызданып киргенге да үлгүрүшөт. Анын артынан бир топ аксакалдарды тукуруп, Аалымдар Кеңешинин кээ бир өкүлдөрүн коркутууга алышат да, аларды мажбурлап Курултайды жылдырып жибертет. Ошол топ аксакалдарды Медер өз кабинетинде Дин Комиссиянын экс- директору Акин Токталиевге жана мага каршы тукурат. Кийин алар менен Медер уруша кетишип, алар бизге айтып коюшту. Негизи Медер саясатты, диндин ичин жакшы билбей эле "дардалактап" болуп алды. Болсом эле оңой деп ойлогон окшойт. Эми болсо Медер кызматынан өз ыктыяры менен кетпесе, аны бары бир жакын арада "жаңжал" менен алышат...

  

Акырында айтарым Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы жаңыланууга, реформага муктаж болсо, Президентин алдындагы дин комиссиясы дагы жаңыланууга жана реформага муктаж экен. "Вопрос времени"


Бакыт Нурдинов

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн