Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:59
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бакыт Рыспаев: Айыл башчыларын акимдер дайындай турган болсо, эл менен иши да болбойт

12.05.2021 09:03
1097
Бакыт Рыспаев: Айыл башчыларын акимдер дайындай турган болсо, эл менен иши да болбойт


Өткөндө убактым болбой калып, 6-май күнү өткөн Жогорку Кеңештин отурумун көрбөй калдым эле. Бүгүн убакыт таап, Ютубдан толук көрүп чыктым. Ал күнкү отурумдун мен үчүн маанилүүлүгү, Айыл өкмөтүнө талапкерди райондун Акими гана сунуш бере ала турган Мыйзам долбоору карала тургандыгында эле. Жыйындын жүрүшүндө бир топ депутаттар маселени туура түшүнүп, сунушталып жаткан долбоор мыйзамдарга, Конституцияга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эң негизги принциптерине каршы келээрин, жергиликтүү элдин өз башчыларын өздөрү шайлап алуу укуктарынан ажыратылып жатканын айтып чыккандары кубантты. Айрыкча Алтынбек Сулайманов, Абдувахап Нурбаев жана Мурадыл Мадеминов сыяктуу депутаттарды белгилегим келет!


Негизи, айыл өкмөт башчысы менен шаардын мэрин жергиликтүү эл өзү көрсөтүп, өздөрү түз шайлап алгандан өткөн жолу жок! Дүйнө жүзүндө өнүккөн мамлекеттердин дээрлик бардыгында ушул жол менен шайланат. Эмне алардын мээси жетпейби, чоңдору аркылуу сунуштап, чечкенге? Жок, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун табиятын өтө жакшы билгендиктен, бул система мамлекеттик башкаруудан түп тамырынан бери айырмаланарын жакшы билгендиги үчүн жергиликтүү элине же болбосо алардын өкүлдөрү болгон депутаттарына толук укук беришкен! Кайсы өлкөдө жергиликтүү өз алдынча башкарууга толук укук берилип, жергиликтүү элге мүлкүн, финансысын жана жетекчилерин эч кимдин кийлигишүүсү жок өзү чечкендей мүмкүнчүлүк берилсе, ошол мамлекеттер туруктуу өнүгүү жолунда баратат.


Бир окуя эске түштү. Ал учурда К.Бакиев президент эле. Жогорку Кенешке бир мыйзам долбоорун алып келишти. Ал мыйзам долбоорунун мааниси, "айрым учурларда Айыл өкмөт башчысын шайлабай, дайындап эле коёлу" деген маани болчу. Ал убакта Жогорку Кеңеште мыйзамды чемичкедей чаккан, "азуулу" депутааттардын "тепкисин" жегенден кийин, мыйзам долбоорун артка кайтарышкан эле. Бул окуя менен, жергиликтүү өз алдынча башкарууну алсыратуу бүгүн эле чыга калган жок дегенди айткым келди.


Эми, бул мыйзам долбоору кабыл алынса кандай өзгөрүүлөр болот, эң орчундууларына токтоло кетели:


- Эми Айыл өкмөт башчыларынын жергиликтүү эл, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен деле дээрлик иши болбойт. Себеби, аны Аким сунуштап алып келген. Таянаар, колдоп алаар адамы бар. Башкаларынын пикири кызыктырбайт.


- Элге жагайын, элдин көңүлүн алайын, элге талаптагыдай иштеп, талаптагыдай отчет берип турайын деген ой болбойт Айыл өкмөттө. Эң негизгиси Акимдин көңүлүн алса жетиштүү. Себеби, кийинки мөөнөткө калуу да Акимге байланыштуу.


- Жергилктүү элдин жогорку бийлике нааразычылыгы күчөйт. Себеби, буга чейин шайлоодо жаңылса-жазса да жергиликтүү эл өздөрүнөн көрүп, сооронуп калчу. Эми антпейт. Себеби, жогору жак таңуулап бирөөнү алып келген деп эсептешет. (Бакиев бийлигине нааразычылыктын бир себеби да ушул болгон. Жаныш, Максимдер райондун Акимдери аркылуу Айыл өкмөт башчысына чейин өз кишилерин коё башташкан. Жергилктүү элдин эсинен чыга элек болсо керек?!)


- Жыйынтыгында бул аракеттер аймактардын өнүгүшүнө, мамлекеттин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип, коомдук чыңалууга алып келет.


Коңшу мамлекеттер Казахстан менен Өзбекстан 4-5 жылдан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маани-маңызын түшүнүп, жергиликтүү элге жана жергиликтүү бийлике толук кандуу өз алдынчалуулукту берели деген аракетке өтүштү. (Буга далил, Мирзиёевдин, Назарбаевдин, Токаевдин сүйлөгөн сөздөрү, кабыл алынып жаткан чечимдери боюнча өткөндө жарыяладык эле).


Урматтуу достор! Баш мыйзамыбызда "ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу!" деп жазылган. Көп талапкерлердин арасынан Президентти шайлап алган эл, Айыл өкмөт башчысы менен шаар мэрин так ошондой эч кимдин кийлигишүүсүз, жасалма тоскоолдуктарсыз өздөрү түз шайлап алышы керек! Баарыбыз үн кошуп, өзүбүздүн Конституциялык укугубуздун бузулушуна жол бербейли! Айыл өкмөт башчыларын жана шаар мэрлерин жергиликтүү эл өздөрү көрсөтүп, өздөрү түз шайлашы керек!!!


Бакыт Рыспаев, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн