Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Бакыт Шаршеевдин рекорду карапайым мигранттардын көз жашы менен коюлду

29.07.2021 14:48
1647
Бакыт Шаршеевдин рекорду карапайым мигранттардын көз жашы менен коюлду


Бакыт Шаршеев деген неме ("Манас" Эл Аралык аба майданынын учурдагы шефи) аба майданда акча табуу жагынан " РЕКОРД " койдум деп төш кагып, мактанып бүтө албай жатат дейт. Пандемияга карабай 6 айда миллиарддарды тааптыр. Эл башына түшкөн кайгыдан акча жасагандардын баш сабында турганын, кайран карапайым эл, мигранттар түшүнүп, Шаршеевдин ийгилигин көз жаштары менен жууп отурушат. Асман чапчыган билеттин баалары мигранттардын чөнтөгүн акыркы тыйынына  чейин кагып алса, анан кантип Шаршеев мактанбасын. 


Андан көрө "Элимдин көпчүлүгү мигрант, эптеп ошол жактан акча таап жан багып жатат. Аларга шарт түзүп берейин. Эч болбосо билет саткан ортомчулар менен сүйлөшүп арзандатайын"- деген болсо эл "Бали" - деп батасын бермек. 


"Пандемияга карабай миллиарддарды таптым" - деген Шаршеевдин маегинен ал уялбаса, мен уялып турам.


Азамат Абдиев, журналист 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн