Бугу 09, 2024
Убакыт: 13:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бакыт Сеитов: Провокацияга алдырбай, так маалымат күтөлү

24.01.2021 22:19
1764
Бакыт Сеитов: Провокацияга алдырбай, так маалымат күтөлү

Урматтуу достор! Кыргызстандыктар!


Социалдык түйүндөрдө тараган видеоролик боюнча ИИМ бүгүн маалымат берген эле. Биз тактоо жана аныктоо иш чараларын жүргүзүп жаттык. Анын үстүнө маселе тактала электе социалдык түйүндөрдө провакацияга алдырган да жарандар болду. Ошол эле соцтүйүндөр аркылуу ар кандай сүрөттөрдү салышып, ушул жигит экен деген да маалыматтар, аудио маалыматтар да тарап жатат. Божомолго алдырбай так маалыматтарды күтөлү. Ошол себептүү бул маалыматты тактап койолу дедик. Аталган видео роликтеги окуя  Кыргызстандын аймагында болгон эмес, бул окуя чет мамлекеттердин биринде болгондугу такталды. Экинчиден аталган видеоролик бир эки жыл мурун болгондугу жана бул факты боюнча жоопкерчиликке тартылгандыгы тууралуу маалымат аныкталууда. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги аталган окуянын чоо жайын тактоо максатында ошол мамлекетке ыйгарым түрдө суроо өтүнүчүбүздү жибердик. Кыска убакыттын ичинде бул видео качан болгондугу, кайсы жерде болгондугу тууралуу, кимдер экендиги жана кабыл алынган чечимдер боюнча ыйгарым түрдө билдиребиз. Урматтуу достор, бул окуяга кайдыгер карабаган замандаштарым аталган факт боюнча жакын арада кошумча маалымат болот тургандыгын билдиремин.


Сиздерди урматтоо менен Бакыт Сеитов

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн