Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков ROX Group компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ву Куанг жана компаниянын башка жогорку жетекчилери менен жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тыгыз кызматташтык маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Экономика министрлиги вьетнам тараптын өкүлдөрүнө өз ыйгарым укуктарынын алкагында потенциалдуу долбоорлорду ишке ашыруунун ар кандай этаптарында колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, туруктуу жумушчу байланыштарды сактап туруу боюнча макулдашышты.
1996-жылы негизделген ROX Group компаниясы кыймылсыз мүлк, технологиялар, мейманкана бизнеси жана каржылык кызматтар тармагында иш алып барат.
Компания өзүнүн эл аралык рыноктордогу катышуусун, анын ичинде Европада, активдүү кеңейтип келет. Атап айтканда, ROX Group Кыргызстандын аймактарында турак жай куруу, энергетика жана рекреациялык туризмди өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду ишке ашырууну баштап, топтогон тажрыйбасына жана инновациялык чечимдерге таянууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн