Бугу 07, 2024
Убакыт: 15:05
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бакыт Сыдыков ыргыйбы?..

11.11.2023 12:33
326
Бакыт Сыдыков ыргыйбы?..


Курманбек Бакиевдин кандуу режиминде Бакыт Сыдыковдун багы ачылып, “Манас” эл аралык аэропортуна президент болгон. Ал жерден өзүн көрсөтө албай, ички ыйкы-тыйкылар менен кеткенине шашпай токтолобуз. Жолтандабас автоунаасын кавказ улутундагыларга тарттырып жибергени да өзүнчө кеп...


Бу саам биз учкай гана саясый жактан жол тапкычтыгына, акчанын күчү менен элитага аралашып калганына токтололу. “Ата баркы менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт” демекчи, раматылык Үсөн акенин аброю аркылуу баар таап, кызматка, байлыкка марыган. 2010-жылдан кийин бийликке тешик таба албай жүрүп, 2015-жылы Өмүрбек Бабановду “этектеп”, “Республика – Ата Журт” партиясы аркылуу парламентке келди. Азыркы заманда акчаны самандай чачкандар депутат болуп атпайбы, “каарманыбыз” да ошондойлордун бири. Лөктөр менен алакалаш болууга жетишти. Таасирлүүгө таалайлаш катары чыга келди. Руслан Казакбаевди баласына өкүл ата койду. Келечекке карай аркан ыргытып койгондогусу...


2020-жылы парламенттик шайлоого Бакыт Сыдыков “Мекеним Кыргызстан” партиясы аркылуу аттанып, Өмүрбек Бабановду унутуп, Райымбек Матраимовго ийкемдүү жүгүнүп, короосуна кирип кеткен. Адам менен тез эле камыр-жумурга айланып, бирок тез эле өзгөрөрүн карагылачы? Соке шайлоону өткөрө албай, аягы төңкөрүш менен тамамдалган да. Эстедиңерби?

Жаңы бийлик келип, 2021-жылы кайрадан Жогорку Кеңешке аламан чабыш башталат. “Амалы кырк эшекке жүк” Бакыт мырза дароо экинин бири Камчыбек Ташиевдин тилин таап, “Ата Журт Кыргызстан” партиясынан шайлоого аттанып, каржылык жагын көтөрүп, “жашылбайлардын” күчү менен мандат алып отурбайбы. “Кызый-кызый кыздын койнуна киресиң...” дегендей, көп өтпөй “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери болуп чыга келди. Азыр ошентип, Акүйгө кирип-чыгып жүрөт... 


Соңку учурда “саясый тазалоо” иш-аракети башталбадыбы. Кечээ Бабановдун колтугунда, анан “Мекеним Кыргызстанда” жүрсө, азыр “Ата Журт Кыргызстандын” лидери катары корчоңдоп, кыйынсынып атса... Баа берүү керекпи? Айрым “узун кулактардын” айтымында, Бакыт Сыдыков мандатынан да ажырап калышы мүмкүн экен. Андан арычы? Кудайдын жазасын көрөбү?.. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн