Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:09
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бакыт Төрөбаев: Ата мекендик кант өндүрүү ички рыноктун 50 пайызын камсыз кылат

11.10.2022 10:54
319
Бакыт Төрөбаев: Ата мекендик кант өндүрүү ички рыноктун 50 пайызын камсыз кылат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй-Токмок пунктунун кант кызылчасынын жаңы түшүмүн кабыл алууга даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл кант кызылчасынан жакшы түшүм алынышы күтүлүүдө, учурда аны жыйноо иштери уланууда. Фермердик чарбалар жыл аягына чейин 480 миң тоннага чейин түшүм жыйнап алуусу пландаштырылган.


Белгилей кетсек, быйылкы кант кызылчасынын мыкты түшүмү сапаттуу үрөндүн, тийиштүү техниканын бардыгына жана жагымдуу аба-ырайына жараша жыйналууда.


Чүй-Токмок кызылча кабыл алуу пунктунун иши менен таанышуу учурунда Бакыт Төрөбаев кызылчачыларды колдоо жана өстүрүлгөн түшүмдү толук кайра иштетүү максатында кант кызылчасын ташууда республика ичиндеги темир жол каттамына 2016-жылдын деңгээлиндеги жеңилдетилген тарифти белгилөө чечими кабыл алынганын билдирди.


«Жогорку түшүмдүн аркасында ата мекендик кант заводдору 62 миң тоннадан ашык кумшекер өндүрүп, ички рыноктун керектөөсүн 50 пайызга камсыздайт. Ошол эле учурда дыйкандарыбыз жогорку түшүмдүүлүктү камсыздоо үчүн келечекте алгач пилоттук долбоорлордун алкагында айыл чарбасында заманбап технологияларды, анын ичинде нымдуулукту сактоо технологияларын активдүү колдонуусу зарыл», - деди ал.


Өз кезегинде «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» акционердик коомдорунун өкүлдөрү кант кызылчасын темир жол аркылуу ташуу үчүн 5 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген тарифтерди бекитүүнү сунушташты, бул дыйкандарга канттын түшүмдүүлүгүн 800 миң тоннага чейин жеткирүү максатында аталган өсүмдүктү айдоо аянттарын ишенимдүү кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Натыйжада кантты импорттоого байланыштуу тартыштык тобокелдигин жокко чыгарып, өлкөнүн кумшекерге болгон ички керектөөсүн 100 пайызга камсыздайт.


Жумушчу сапардын жыйынтыгында өлкөдөгү бардык дыйкан чарбалары салыктык башкарууну жакшыртуусу үчүн «Фермердин кабинети» тиркемеси түрүндөгү санариптик платформаны өнүктүрүү зарылчылыгы жөнүндө макулдашууга жетишилди.


Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республикада 500 миңге жакын фермердик чарба бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн