Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бакыт Төрөбаев Баткенде "Исфайрам-1" чакан ГЭСинин курулуш иштерин текшерди

08.02.2024 17:00
347
Бакыт Төрөбаев Баткенде "Исфайрам-1" чакан ГЭСинин курулуш иштерин текшерди


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жумушчу сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал алгач Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында курулуп жаткан "Ифайрам-1" чакан гидро электро станциясына барды.

ГЭСтин ишмердүүлүгү менен таанышкан Бакыт Төрөбаев өндүрүш обьектилерин курууда жергиликтүү бийлик жана тийиштүү мамлекеттик органдар көмөктөшүүсү зарыл экенин жана учур талабына ылайык, кичи ГЭСтерди курууга президент Садыр Жапаров өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

"Ак -Буура Групп" ЖЧК тарабынан Исфайрам дарыясына курулган чакан ГЭСтин кубаттуулугу 4 МВт., сметалык баасы 2,81 млн долларды түзөт. ГЭСке суу жеткирген каналдын узундугу 3,7 км, туурасы 25 метр, обьект жалпы 9,25 гектар аянтты ээлейт. ГЭстин ишке берилиши менен 30га чейин жумуш орун түзүлөт.

Учурда каналдын курулушу аяктап, 4 МВт кубаттуулуктагы генароторлору экспертизадан өткөрүлүп, орнотуу иштери жүрүп жатат. Аталган объектти быйыл март айына чейин ишке берүү пландалып жатат.

Белгилей кетсек, учурда Баткен облусунун аймагынан агып өткөн дарыяларда 5 чакан ГЭС курулуп жатат. ГЭСтердин курулушу бир эле электр энергиясы эмес, сугат суу маселесин чечүүдө да зор мааниге ээ.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн