Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бакыт Төрөбаев ЕАЭБдеги келишимдер толук аткарылбай жатканын айтты

16.02.2022 12:22
415
Бакыт Төрөбаев ЕАЭБдеги келишимдер толук аткарылбай жатканын айтты

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев кыргыз жарандары үчүн ЕАЭБдеги келишимдер толук аткарылбай жатканына нааразылыгын билдирди.


"ЕАЭБге киргенде биз төрт эркиндик алганбыз. Бул товардын жүрүшү, жумушчулардын кыймылы, капитал жана кызмат көрсөтүү. Казакстанда биздин ишкерлер көп проблемаларга туш болуп жатат. Жумушчуларга медициналык кароодон өтүш керек деген шылтоолор менен бизге чектөө болуп жатат. Капиталдын жүрүшү дегенде - биздин балдар Кыргызстанга акча которууда дагы проблемалар бар. Кызмат көрсөтүүдө дагы көйгөйлөр бардыр. Биздин биримдикте министрлерибиз бар. Алар бул жерде кызматы жок болгондо кооз сөздөрдү сүйлөйт эле. Алардын үнү чыкпай жатат. Кайра эле биздин ишкерлер, жарандарыбыз кыйнала береби?", - деди Төрөбаев.  


Ошондой эле эл өкүлү ЕАЭБдин алкагындагы келишимдерди кайра карап чыгууну сунуштады.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Рустам
Эн Туура