Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Ысык-Ата районунда “Чопо таш” компаниясынын кум жана шагыл өндүрүүчү заводунун ачылыш аземине катышты.
Заводдун курулушу үчүн Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жер бөлүнүп берилген.
Заводдогу кум жана шагыл өндүрүүнүн жалпы кубаттуулугу 600 тоннаны түзөт, ишкананын экинчи багыты бетон өндүрүүгө багытталган.
Учурда 60ка жакын адам жумуш оруну менен камсыз болгон, келечекте ишкананын кубаттуулугу артаары жана жумушчулардын саны дагы жогорулашы күтүлүүдө.
Заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан Бакыт Төрөбаев өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар ишкерлерди мамлекет ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бул компания дуушар болгон маселерди өз убагында чечүүгө көмөктөшүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн