Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 20:03
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Бакыт Төрөбаев Камбар-Ата -1 ГЭСин курууга даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты

13.09.2022 19:13
579
Бакыт Төрөбаев Камбар-Ата -1 ГЭСин курууга даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Токтогул ГЭСинин жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин абалы менен таанышты.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал ошондой эле Камбар-Ата -1 ГЭСин курууга даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты.


Бир күн мурун Бакыт Төрөбаев энергетикалык компаниялардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине карай даярдык көрүү маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары калкты жана экономика тармактарын жылытуу мезгилине карата электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында белгиленген бардык иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.


Сапар жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн