Бугу 06, 2024
Убакыт: 19:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бакыт Төрөбаев: Кыргызстан Азербайжандан инвестиция тартууга кызыкдар

26.07.2023 20:33
391
Бакыт Төрөбаев: Кыргызстан Азербайжандан инвестиция тартууга кызыкдар


Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарында өткөн "Кыргызстан-Азербайжан" бизнес-форумуна катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары "эки өлкөнүн президенттеринин ортосундагы бекем саясий эрк жана ишенимдүү диалог соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка маанилүү тармактарда кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын жаңы горизонтторун ачат", деп белгиледи.

Ал форумдун алкагында айыл чарба, эт жана эт азыктарын жеткирүү, логистика жаатында бир катар келечектүү бизнес-келишимдерге кол коюу пландаштырылып, ошондой эле аялдардын ишкердиги жана фондулук биржа жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн негиз түзүлүп жатканын кошумчалады.

"Форум биздин мамлекеттердин бизнес-коомчулуктарынын ортосунда башталып келаткан жемиштүү кызматташтыктын көптү үмүттөндүргөн белгиси болуп каларына ишенем. Кыргызстан Азербайжандан инвестиция тартууга кызыкдар жана өлкө аймагында ийгиликтүү инвестициялык ишмердүүлүк үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр", - деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

Ал ошондой эле Бишкек менен Бакунун ортосунда ишке киргизилген түз аба каттамы боордош элдердин жакындашуусуна өбөлгө түзүп, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн көбөйүшүнө оң таасирин тийгизерин кошумчалады.

Мындан тышкары, Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын инвестициялык, гидроэнергетикалык, туристтик мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, интенсивдүү өз ара байланыштар, анын ичинде экономикалык ведомстволор аркылуу байланыштар жакынкы келечекте оң натыйжаларды берерин белгиледи.

"Биз азербайжандык кесиптештерибиз менен биргеликте алдыга коюлган бардык максаттарга жетүүгө чечкиндүү багыт алдык. Эң негизгиси - бул натыйжа", - деп Бакыт Төрөбаев сөзүн жыйынтыктады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн