Жалган курандын 14, 2025
Убакыт: 21:20
USD
87.30
87.80
EUR
94.50
95.50
RUB
1.000
1.035

Бакыт Төрөбаев Курулуш министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган жетекчини тааныштырды

17.02.2025 10:34
110
Бакыт Төрөбаев Курулуш министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган жетекчини тааныштырды


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган министр Нурдан Орунтаевди тааныштырды.


Анда минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жаңы дайындалган министр Нурдан Орунтаевге жана анын командасына курулуш тармагын өнүктүрүү, турак жай курулушунун сапатын жогорулатуу жана өлкөдөгү коммуналдык инфраструктураны жакшыртуу боюнча стратегиялык милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.


Белгилей кетсек, 2025-жылдын 11-февралында Кыргызстандын президенти Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн