Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бакыт Төрөбаев Ош облусундагы мектептердин курулушу менен таанышты

15.06.2023 17:09
743
Бакыт Төрөбаев Ош облусундагы мектептердин курулушу менен таанышты


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош облусуна жана Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында жалпы орто билим берүү мектептеринин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш сапарынын жүрүшүндө алгач Бакыт Төрөбаев Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан 225 орундуу Ы. Насыров атындагы № 20 мектептин курулуш иштери менен таанышты.

Андан соң Ош шаарынын Урицкий көчөсүндө жайгашкан 720 орундуу И. Раззаков атындагы № 20 мектеп-гимназиясынын курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

Курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып чыккан Бакыт Төрөбаев мамлекет агартуу тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып, жергиликтүү бийликтин жана курулуш ишин жүргүзгөн компаниялардын жетекчилерине курулуштун сапаттуу жүргүзүлүшүн дыкат көзөмөлгө алууну жана жалпы орто билим берүү мектептерин өз убагында бүтүрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү планына киргизилген жалпы орто билим берүү мектептеринин курулуш иштери менен таанышуу президенттин тапшырмасына ылайык жүргүзүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн