Бугу 15, 2024
Убакыт: 09:12
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бакыт Төрөбаев Ошто бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты

16.06.2023 09:38
853
Бакыт Төрөбаев Ошто бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош облусуна жана Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында өндүрүш ишканаларынын ачылышына катышты жана бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Төрөбаев иш сапарынын жүрүшүндө Алай районуна караштуу Жаңы-Алай айыл аймагында жайгашкан “Жемиш Кампа” ААКнын ачылышына катышты. Бул ишкана жергиликтүү дыйкандар тарабынан өндүрүлгөн мөмө-жемиштерди узак мөөнөткө сактоо кызматын аткарат.

Андан ары Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан нан азыктарын чыгаруучу ишкананын ачылыш аземине катышты. Жергиликтүү тургундарды жумуш орундары менен камсыз кылуу максатында ачылган ишканада 50 адам иштейт жана анда өндүрүлгөн продукцияларды келечекте чет мамлекеттерге экспорттоо планы коюлган.

Мындан тышкары, Араван районуна караштуу Керме-Тоо айыл аймагында “Ош Глобал Текстиль” ЖЧК тарабынан пахта буласынан жип ийрүүчү жаңы курула турган фабриканын долбоору менен таанышты. Пахтадан кездемелерди жана кийимдерди чыгарууну көздөгөн бул фабрикада 1500дөн ашуун адамды жумуш менен камсыз кылуу пландалууда.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жайгашкан “Кыргызчеттранс-Ош” ЖЧКнын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда оор жүк ташуучу уналардын эл аралык базасы түзүлгөн.

Ош облусуна жана Ош шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыгында “Алайку Органикс” ЖЧКнын курамына кирген “Технополис Алайку” илимий-техникалык комплексинин ишмердүүлүгү менен жеринен көрүп чыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн