Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 23:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Бакыт Төрөбаев: Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыруу маселеси фракцияда каралат

26.01.2022 16:12
1294
Бакыт Төрөбаев: Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыруу маселеси фракцияда каралат

Жогорку Кеңештин Жалал-Абад шайлоо округунан депутаты Шайыр Ташиев мандатын тапшыруу тууралуу "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына билдирме тапшырды. Бул тууралуу фракция лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.


Анын айтымында, депутаттын мандатын тапшыруу маселеси фракция жыйынында каралат.



"Бүгүн,  26-январь күнү Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери катары менин атыма фракциянын мүчөсү Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтен Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшыруу боюнча чечим кабыл алгандыгы тууралуу кайрылуу келип түштү.

Мындан сырткары, республикабыздын булуң-бурчундагы шайлоочулардан да кайрылуулар түшүп жатат. Бул маселе фракциянын жыйынында каралат",- деп билдирди Төрөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн