Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «SKY Industrial Group» ЖЧК лифт жабдууларын өндүрүүчү ишканага барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары өндүрүш цехтерин көрүп чыгып, чыгарылган продукция менен таанышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев, Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков жана «SKY Industrial Group» компаниясынын жетекчиси Рахат Жунушбаева борбордун лифт чарбасын модернизациялоо маселелерин талкуулашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн