Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкемди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, айыл чарба тармактарындагы кызматташуу маселелерин сүйлөштү.
Анда, Кыргызстан менен Түркиянын соода-экономикалык кызматташуу маселелери өзгөчө орунду ээлеп, эки өлкөнүн лидерлери тарабынан өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд долларга жеткирүү боюнча тапшырма берилгени айтылды.
Ушуга байланыштуу, учурда эки тараптуу соодада орун алган техникалык тоскоолдуктарды жоюу жана Кыргызстандын азык-түлүк продукциясын Түркияга экспорттоону жолго коюу үчүн жеңилдетилген бажы тарифтерин киргизүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Түркиянын кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон ролу белгиленди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн