Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бакыт Төрөбаев Жанар Акаев менен болгон келишпестиги боюнча түшүндүрмө берди

10.03.2021 14:02
677
Бакыт Төрөбаев Жанар Акаев менен болгон келишпестиги боюнча түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев бүгүн ЖКнын жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев менен болгон келишпестик боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


"Урматтуу мекендештер!

Көчөгө чыгып кыйкырып, ызы-чуу кылбай, парламентте талаш-тартыш, талкуу болуп турганы жакшы. Ар бир депутаттын өзүнүн пикири, көз карашы бар. Аларды сыйлайбыз. Айрым кесиптештер Консититуцияга жамынып, өздөрүнүн бийликке болгон тарынычын айтып жатат. Алар популисттик идеяларды айтып, элдин көңүлүң башка жакка буруу аракетин көрүүдө.

Баарына эл тараза. Куру кыйкырык курсак тойгузбайт. Кимибиз реалдуу иштерди жасап, кимибиз популизм менен алек болуп келе жатабыз, анын баарын коомчулук көрүп турат. Кандай маселе болсун эл чечет. Популисттик куру кыйкырык, ишти эч качан алдыга жылдырбайт",- деп билдирүү калтырган. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Садырдын дарысын качан аласын ошону айт сен.Атамбайга жаккан елен