Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 14:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бакыт Төрөбаев азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулады

01.04.2022 09:01
343
Бакыт Төрөбаев азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровтун тапшырмасынын алкагында өлкөдө иштеп жаткан ири ун комбинаттарынын, өсүмдүк майын жана кумшекерди өндүрүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүлдү.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.


Жыйында калкыбызды эң керектүү азык-түлүк менен камсыз кылууда агроөнөр жай тармагынын ролу жана ага тиешелүү болгон бир катар актуалдуу маселелер талкууланды. 


Учурда Министрлер кабинети тарабынан агрардык секторду ар тараптуу колдоо, жеңилдетилген кредиттерди берүү аркылуу агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. 9 негизги айыл чарба кластерлерине 10 млрд. сом бөлүнүп, мамлекеттик банктар 6 пайыз менен жылдык насыя бере башташты. 


Кеңешмеге 20дан ашык компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн