“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев эч бир партиялардын съездине, саясий кеңештерине же жыйналыштарына катышкан эмес. Бул тууралуу партиядан маалымдашты.
Алардын расмий билдирүүсүндө, буга чейинки коомчулукта анын кайсы бир партиялардын жыйындарына катышып жатканы
тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт.
Эске салсак, 3-июнда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин жыйыны өткөнү, ага ЖК депутаттары Каныбек Иманалиев, Мирлан Бакиров, Урмат Самаев, Таабалды Тиллаев, Марлен Маматалиев, Бакыт Төрөбаев, Тынчтык Шайназаров, Бакыт Сыдыковдор катышканы маалымдалган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн