Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өздүк булак: “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери болуп Мирлан Бакиров шайланды

04.06.2020 23:02
3844
Өздүк булак: “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери болуп Мирлан Бакиров шайланды


Ишенимдүү булактар кабарлагандай, 3-июнда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин жыйыны өткөн. Ага ЖК депутаттары Каныбек Иманалиев, Мирлан Бакиров, Урмат Самаев, Таабалды Тиллаев, Марлен Маматалиев, Бакыт Төрөбаев, Тынчтык Шайназаров, Бакыт Сыдыковдор катышкан. Анда “Ихлас” компаниясынын негиздөөчүлөрү, партиянын түптөөчүлөрү бир тууган Айбек жана Нурбек Осмоновдор лидерликти тапшырганы белгилүү болду. Биздин булак кабарлагандай, Каныбек Иманалиев, Мирлан Бакиров, Урмат Самаев, Марлен Маматалиев, Таабалды Тиллаевдер “Мекеним Кыргызстан” партиясына кошулган жана парламенттик шайлоого ушул саясий уюм менен аттануу чечимин кабыл алган. Ал эми Мирлан Бакиров партиянын лидерлигине шайланган. 


Эң кызыгы, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, ушул эле партиядан депутат болгон Тынчтык Шайназаров, "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Бакыт Сыдыковдор саясий кеңештин жыйынына башында катышып, Мирлан Бакиров лидерликке шайлангандан кийин чыгып кеткен. Маалыматтарга караганда “Мекеним Кыргызстанга” лидер болуп шайлоого аттанаары кабарланган Төрөбаев Бакировдун лидер болуп шайланганына катуу таарынган дешет.


Шайлоо жакындаган сайын “Мекеним Кыргызстан” партиясына кошулууну каалагандардын катары калыңдап жатканы белгилүү болду. Дал ушул партия күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо негизги күчкө айланары айтылууда.

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Осмонов Афтандил
Мекениңиз Кыргызстан болсо чек ара маселесин көтөрүңүз. Кечее эле Боронов барып жайладым деп келген жерде бүгүн кайрадан эки тараптын таш атышкан видеосу тарады https://www.instagram.com/tv/CBDtdw8gfxX/?igshid=ya02ovvcr2gt бардык партиялар укмуш ат койуп алышкан. Мекеним Кыргызстан, Бүтүн Кыргызстан, Ата мекен, Ат журт, дегиеле койчу тим эле укмуш, бирок бири да маселе чечпейт, башасы мейли жок дегенде чек ара маселесин чечип бергилечи... Кадимки эле престин жибин эле тартып берсеңер калганын элдер өздөрү эле дубал уруп алышмак
Гулсара
Колдойвуз буйруса
Максат
Колдойбуз! Абдан чындык адам.
Эргешов Сагынбек
Жаштардан тузулгон таза партия экен, Мирлан Исабекович тажыйырбалуу кадр! Саясатта ар кандай озгорулор болуп,таза саясатчы озунчо коз карандысыз болгусу келген жаш кадрлардын колдоосуна ээ болгусу келет! Партиянын ишмердигин ийгиликтер коштой берсин!
Аман Бейшенкулов
Кудай буйруса болот Алла колдосун