Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 17:22
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Бакыт Төрөбаев кытайлык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

26.05.2023 09:27
281
Бакыт Төрөбаев кытайлык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай Эл Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында “Huahe international” компаниясынын башкы директору Лю Чуаньу менен биргеликте Кыргызстанда түзмө-түз иш алып барууга кызыккан 30дан ашуун кытай ишкерлеринин катышуусундагы “Кыргызстан - Кытай” бизнес жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Бакыт Төрөбаев эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишкерлер үчүн Кыргызстан кытай ишкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин билдирди.


“Кыргызстанда ишкердик жүргүзүүгө кызыкканыңыздар бизди кубандырат. Экономиканын жогорулашына ишкерлердин салымы чоң, бул багытта терең иш алып баруу үчүн сиздерди үстүбүздөгү жылы өткөрүлө турган жетинчи “Ысык-Көл Эл аралык экономикалык форумуна” жана алтынчы “Жибек Жолундагы товарлар” жарманкесине катышууга чакырам”, - деди ал.


Жолугушуунун жүрүшүндө, ар кандай тармактагы ишкерлик чөйрөсүндөгү презентациялар көрсөтүлүп, аны менен бирге далилдүү сунуштар, жана инвестициялык долбоорлор каралып чыкты.


Анын жыйынтыгы менен КРнын Экономика жана коммерция министрлиги менен “YEMA GROUP., LTD” компаниясынын ортосунда “Кыргыз-кытай соода борборун түзүү жөнүндө” меморандумга кол коюлду.


Ошондой эле, иш сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев Үрүмчү шаарындагы Чжунтай корпорациясынын, Эл аралык кургак портунун жана Эл аралык базардын жетекчилиги менен жолугуп эки тараптуу энергетика, соода, транспорт, айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармактарында сүйлөшүү жүргүздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн