Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бакыт Төрөбаев коомчулукка кайрылуу жасады

29.04.2021 18:42
1048
Бакыт Төрөбаев коомчулукка кайрылуу жасады


Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев болуп жаткан окуя боюнча тынсызданып жатканын билдирди. Ал Бул жалгыз Баткен облусунун эмес, жалпы 7 дубандын көйгөйү экенин белгилеп, бийлик тез арада жарандардын коопсуздугу үчүн маселени тез арада чечиш керек экенин белгиледи.


"Урматтуу мекендештер!

Чек ара – элибиздин коопсуздугу, мамлекетибиздин бүтүндүгү!

Мекен чек арадан башталат. Чек ара – бул өтө аяр, дипломатиялык мамилени, узак, татаал сүйлөшүүлөрдү талап кылган оор маселе. Канчалык кыйын, оор болсо да маселени чечип, чекит коюшубуз абзел.

Учурда Баткен облусунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Көк-Таш айылындагы түзүлгөн кырдаал баарыбызды тынчсыздандырып жатат.

Чек арадагы байма-бай катталып жаткан жаңжалдар, баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутат. Бул маселени жалгыз эле Баткендиктердин эмес, Нарын, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, жети дубаныбыздын жана жалпы улуттун  көйгөйү катары  карашыбыз зарыл.

Урматтуу элим!

Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү, көз карандысыздыгы үчүн ата-бабаларыбыз кан-жанын аябай, бизге бейиштей, кооз жерибизди мураска калтырды. Биз дагы келечек муунга мамлекетибизди көздүн карегиндей сактап, өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз.

Мына премьер-министр Улукбек Мариповдун жоопкерчиликсиз, такталбаган билдирүүсүнүн кесепетин карапайым калк тартып жатат. Эл тагдырына, мамлекеттин тагдырына жооптуу адамдар сөздү абайлап, ойлонуп сүйлөөгө тийиш.

Чыңалган абалдан чыгуу үчүн Президент Өкмөт, Жогорку Кеңеш дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, элдин коопсуздугун сактап, тынчтыкты камсыз кылып, Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алуу менен маселени тез арада чечиши керек."

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Билдируунун кимге кереги бар.Жоно ошоякка