Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бакыт Төрөбаев менен Башкы прокурор Чүй облусунун эли менен жолугушуууну улантууда

05.08.2022 12:35
976
Бакыт Төрөбаев менен Башкы прокурор Чүй облусунун эли менен жолугушуууну улантууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кемин районунун тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.


Белгилүү болгондой, жыйынга тармактык министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышууда.


Жыйында, жарандар чечилбей келе жаткан укуктук маселелерин көтөрүштү. Алардын ар бир арызы Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын башчылары тарабынан жеринде кабыл алынып, чукул арада тийиштүү чаралар көрүлөт. 


Жолугушууга Кемин районунун аймактарынан келген 300гө чукул тургун катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн