Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 14:11
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Бакыт Төрөбаев Өзбекстандын Инвестициялар министри менен кызматташтыкты талкуулады

24.01.2023 18:37
231
Бакыт Төрөбаев Өзбекстандын Инвестициялар министри менен кызматташтыкты талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратовду кабыл алды. 



Жолугушууда 2023-жылдын 26-27-январында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлуучу эки тараптуу документтер тууралуу сүйлөштү. 




“Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев башында турган делегацияны тосуп алууга жана эки тараптуу жолугушууларды жемиштүү уюштуруп өткөрүүгө дыкат даярдыктар көрүлүүдө. Өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү боюнча иштер жүрүүдө. Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттери ортосундагы ар тараптуу бардык тармактар боюнча кызматташууларыбыз майнаптуу жыйынтыктарды бере берсин”, - деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев. 




Ал эми Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратов “Эки мамлекеттин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму жана эки өлкө лидерлеринин жолугушуусу жемиштүү болооруна ишенем”, - деп билдирди. 




Мамлекеттик иш сапардын алкагында 18 жана “Кыргызстан - Өзбекстан” бизнес форумунун алкагында 10 документке кол коюлаары күтүлүүдө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн