Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:32
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бакыт Төрөбаев жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү

11.01.2024 14:37
280
Бакыт Төрөбаев жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүү иштери боюнча жыйын болуп өттү. 

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук администрация башчылары-акимдер катышты. 

Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев кургакчыл климатка байланыштуу быйыл суунун аз болуусу күтүлүп жатканын билдирди. Ошол себептүү суу боюнча 100 ири иш-чара уюштурулат. 

“2024-жылга 540,0 чакырым чарбалар аралык каналдар оңдолот. Ошондой эле, суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндердин курулушу арбын болот. Эскерте кетейин, өзгөчө район акимдери былтыркыдай Аламүдүн, Сокулук райондорундагыдай маселелер болбосун, эгер кайталанса жеке жооп бересиздер. Сугаруу иштери башталганга чейин тиешелүү сунуштарды киргизип, активдүү иш алып баргыла. “Элдик курулуш” ыкмасы аркылуу объекттерди оңдогула, мындан тышкары дыйкандар бириккен жерлерге сууну жеткирүү приоритет болот”, – деди Бакыт Төрөбаев. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары мындан тышкары дыйкандарды район акимдерине үрөөндүн кандай түрү керек болсо ачык айтууга чакырды, мамлекет таап берүүгө даяр. Ал эми күйүүчү-майлоочу майдын кору өлкөдө жетиштүү экенин айтып, учурда Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 10 миң тонна бар экендигин кошумчалады. 

Отурумда эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана малдан алынган эттин коопсуздугун сактоо маселеси каралды. Бул багытта “тамак-аш коопсуздугу улуттун саламаттыгы” деген Бакыт Төрөбаев бардык тиешелүү мамлекеттик органдарга мал ылаңдарына каршы профилактикалык чараларды өз убагында жүргүзүп туруу тапшырмасын берди. 

Жыйындын соңунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кайра иштетүү өнөр жай тармагы райондордо жанданаарын билдирди. Маселен, статистикага ылайык экспортко чыгууда Бишкек шаары менен Чүй облусу алдыда, ал эми райондорду өнүктүрүүнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөрү төмөндөп кеткен. Ошол себептүү райондун акимдерине жана шаарлардын мэрлерине экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатууга чараларды көрүүгө байланышкан бир катар тапшырмалар берилди. 

Ага ылайык, квартал сайын акимдер жана мамлекеттик органдар өз-өзүнчө Президенттин Администрациясына бүгүнкү күндө демилгеленип ишке ашпай калган долбоорлор тууралуу, жаңыдан өндүрүш ишканаларынын ишке киргизилиши, жумуш орундарынын түзүлүшү, экспорт-импорт тууралуу маалыматтар, салык жана бажы төлөмдөрү, курулуш, энергетика тармагы да тиешелүү маалыматтарды берүүсү керек. Анын жыйынтыктары менен жергиликтүү жетекчилерге баа берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн