Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:25
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бакыт Төрөбаев жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн кластердик өндүрүшкө өтүүнү сунуштады

23.03.2023 09:55
172
Бакыт Төрөбаев жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн кластердик өндүрүшкө өтүүнү сунуштады

Министерлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери жана бул тармакка тиешелүү мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү.


Бакыт Төрөбаев өлкөдө жеңил өнөр жай – өнүгүп жаткан тармактардын катарына кирээрин белгилөө менен бул тармакты дагы жогорулатуу үчүн ири кластердик өндүрүштөрдү ишке киргизүү зарылдыгын билдирди.


“Жеңил өнөр жай тармагы өнүгүп жатат жана аны менен бирге айрым маселелер дагы бар. Ошол себептүү, түзмө-түз олтуруп маселени ортого коюп, аны чечүүнүн жолдорун карообуз зарыл. Эгерде жеңил өнөр жай тармагын кластердик система аркылуу өнүктүрө турган болсок, импорт менен экспорттун көлөмү жогорулайт, ири ишканалар түзүлөт жана жумуш орундарынын саны дагы көбөйөт”, – деди ал.


Жолугушууда ишкерлер тарабынан тигүү ишканаларында жумушчулардын жетишсиздиги курч экени айтылды. Алардын айтымында сыртта жүргөн мигранттардын көпчүлүгү үй алуу үчүн иштейт. Ошол себептүү ишкерлер, жумушчулар жана курулуш компаниялары кирген үч тараптуу келишим түзүүгө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан колдоо болсо деген ойлорун айтты.


Белгилей кетсек, жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө артыкчылык берилип, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен 2022-жылы Салык кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынып, салыктык жеңилдиктер киргизилген, тагыраагы 2027-жылдын 1-январына чейин бирдиктүү салыкты 0,25% өлчөмүндө төлөө мүмкүнчүлүгү.


“Кыргызстанда жасалган” деген брендди бекемдөө максатында, 2023-жылга Министрлер кабинети продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ири кластердик өндүрүштөрдү ишке киргизүү, белгилүү бренддердин ичинен эл аралык инвесторлорду тартуу үчүн, Кыргызстандын аймагында алардын өндүрүшүн жайгаштыруу жана продукцияны сапатын текшерүү үчүн лабораторияны ишке киргизүү сыяктуу иштер аткарылаары пландалган.


Ошондой эле, Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин пландарынын ичине жип ийрүүчү фабриканын курулушу кирээрин кошумчалады. Мындан тышкары, Экономика жана коммерция министрлигине жана Финансы министрлигине ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү маселесин иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн