Бугу 21, 2024
Убакыт: 20:02
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Бакыт Төрөбаевден коронавирус табылды

22.06.2020 14:32
1126
Бакыт Төрөбаевден коронавирус табылды


«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Reporter.kg сайтына ишенимдүү булактар кабарлашкан.


Белгилей кетсек, бүгүн, 22-июнда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынан коронавирус аныкталганын билдирген. Бирок ал илдетке кабылган парламентарийдин аттарын атоодон баш тарткан.


Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңеште эки учур катталган. Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу менен депутат Бейшеналы Нурдиновдун анализинен аныкталган болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн