Эгерде эң жакын адамың жүрөгүңдү жараласа, үшкүрүүнүн ордуна жылмаюу абзел. Анткени, эчендеген сени сүйгөн адамдар жараатыңа шыпаа болууга даяр турушат.
***
Айланаңдагыларга ишенүү коркунучтуу. Бүгүн алар ишенимдүү болууга, чынчыл көрүнүүгө убада беришет, а эртең далыңа бычак сайышат. Эгер ал адам сиздин жакыныңыз болуп чыкса, таңгалбаңыз. Себеби ал сиздин кайсы жериңизди оорутууну жакшы билет.
***
Бар бактыбызды тепсеп, күн көрсөтпөй кордоп, “колдо бар алтындын баркы жок” кылган пенде канча? Бакытты тааныбагандар бар, аны мунарыктан, алыстан издеп убара болушат. Бирок бакыт дайыма жаныңарда!
***
Ийгиликтүү адам бул – ага карай ыргытылган таштардан өзүнүн жетишүү пайдубалын куруп алууга жөндөмдүү.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн