Бугу 12, 2024
Убакыт: 11:05
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бактыбек Кудайбергенов шаардык тургундардын көйгөйүн укту

28.07.2021 09:45
490
Бактыбек Кудайбергенов шаардык тургундардын көйгөйүн укту

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаардык тургундарды жеке өзү кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.


Шаардын үч тургуну мэрдин кабыл алуусунда болушту. Марфия Маматбекова жарнак белгисинин иштешинин мыйзамдуулугу жөнүндө маселеге токтолду. Ак-Ордо турак жай конушунун тургуну Салтанат Солпиева жер тилкесин легалдаштыруу маселеси менен келди. Төкөлдөш турак жай конушунда жашаган Бишкек шаарынын тургуну Жамила Секеналиева Менделеев көчөсүнөн жер тилкелерин алуу үчүн кайрылган.


Шаар мэри шаардыктарды кунт коюп угуп, вице-мэр Русланбек Акылбековго жана тиешелүү шаардык кызматтарга белгиленген тартипте маселелерди иштеп чыгууну тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн