Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 14:13
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Бактыбек Сыдыков КМШ ПААнын контролдук-бюджеттик комиссиясынын төрагасы болуп шайланды

05.04.2024 10:04
273
Бактыбек Сыдыков КМШ ПААнын контролдук-бюджеттик комиссиясынын төрагасы болуп шайланды


Кечээ, 4-февралда Санкт-Петербург шаарында КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын контролдук-бюджеттик комиссиясынын жыйыны болуп өттү.

Парламенттен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө 15 маселе каралып, анын ичинде КМШ ПААнын ишмердигинин учурдагы каржысы, ассамблеянын бюджетин түзүү жана аткаруу, ошондой эле КМШ ПААнын контролдук-бюджеттик комиссиясынын төрагасын шайлоо жөнүндө маселелер коюлду.

Белгилей кетсек, КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын төрагаларынын кызмат орундарын бөлүштүрүүгө ылайык, контролдук-бюджеттик комиссиянын төрагалыгы КР Жогорку Кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат. Жогорку Кеңеш комиссиянын төрагалыгына депутат Бактыбек Сыдыковдун талапкерлигин сунуштап, аны бир добуштан колдоду.

Мындан тышкары, КМШга мүчө-мамлекеттердин «Шериктештиктин балдары» эл аралык маданий-билим берүү форумун каржылоо жөнүндө токтому каралды. Ушул тапта 2024-жылдын 25-июнунан 4-июлуна чейин Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өтүшү пландалган форумга мектептин жогорку класстагы окуучуларынан делегациялар түзүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн