Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 05:53
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Бактыбек Сыдыков элди мал катары да эсептебей калдыбы?

17.01.2021 21:50
4550
Бактыбек Сыдыков элди мал катары да эсептебей калдыбы?


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевке!

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!


Акыркы эки айдын аралыгында жалпы жумурай журт ыраазы болгудай, көптөгөн чечкиндүү иштерди аткарып жатасың. Чоң ырахмат! Кийинки кезде, калдайган калың калктын кыжырын кайнаткан, “МАНАС” Аэропортундагы жемкорлук мурунку бийлик убагынан да ашып ташып кеткен учур. Ал жерди башчысы Үсөн Сыдыковтун эрке аферист баласы каалагандай калчап жатат. Мурун дагы ал жерди  Бактыбек тоноп талап, атүгүл, бир учакты кыйраткан  делип жүрөт. Авиабилеттин баасы эки-үч эсе себепсиз кымбаттады. Маселен, Москвадан Кыргызстанга билеттин баасы, бизден учканга салыштырмалуу үч эсе арзан. Ошого карабай, Москвага учкандар колдорунда билеттери туруп, учалбай калган учурлар көнүмүш адатка айланды.


Андан тышкары, регистрациядан өткөн учурда, кол жүктү ачып аңтарып текшеришип, бышкан эт, аш, өзгөчө сүрсүгөн чучуктарды жана кымбат коньяктарды алып калуу, көнүмүшкө айланган. Кайра кайтарып берилбейт. Тейлөө жагы абдан начар, уруш-талаш, жүргүнчүүлөр абдан нааразы болуп жатышат

Көзкарандысыз журналист айым Алтынай Арстанбекова түз эфир аркылуу, ал жактагы чектен чыккан беспределди көрсөтүп жатат. Ал эми, Бактыбек Сыдыков элди мал катары да эсептебей калыптыр. Ушул жакка көңүл бөлүп коюңузду жабыркаган жүргүнчүлөр көптөн көп суранып жатышат.


Элдин атынан өтүнүч. Камчыбек мырза, ушул кутурган жемкорго тезинен тиешелүү ыкчам чара көрүп коюуңду суранам...

Көзкарандысыз журналист, публицист Мелис Арып-Бек

17.01.2021 жыл

Редакциядан: Автордун макаласы өзгөртүүсүз берилди 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Бектурсун
Чечип берсе бир топ элге жакшы болмок
Жумаев кыялбе
Билети тез арада чечипесе арзандатпаса основаня дегенди жок кылбаса жумуш жоктун айынан ачка калып, жаман жолго тушо баштады елдер Маселени чечи берсин окмот .