Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:57
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бактыбек Жетигенов Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү

26.01.2023 09:20
285
Бактыбек Жетигенов Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жыйындын алкагында МАБ жетекчиси Венера Паизова 2022-жылда түрдүү тармактарда аткарылган иштер боюнча маалымат берди.


Жолугушуунун жүрүшүндө шаардыктар тарабынан суроолор жана кайрылуулар айтылып, орун алган көйгөйлөр боюнча өз сунуштарын беришти. Тактап айтканда, жолдорду оңдоо жана сел өткөрүүчү арыктарды орнотуу, электр мамыларын орнотуу, айрым четки аймактарды таза суу менен камсыздоо, бир катар көчөлөрдү бойлото газ түтүгүн тартуу, мектептерди куруу, коомдук транспортко байланышкан суроолор берилди.


Бул МАБдын аймагындагы айрым конуштардын жашоочуларына тиешелүү документтерин алуу маселеси өзүнчө каралды. Өз кезегинде Бакытбек Жетигенов бул багытта шаар мэриясынын тиешелүү комиссиясы иш жүргүзүп жатканын билдирди.


Ошондой эле шаар мэри тургундардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн “Туран” МАБга керектүү электр мамылары бөлүнөрүн белгиледи. Кошумчалай кетсек, жыйындын жыйынтыгы боюнча Ош шаардык жолдор башкармалыгынын келерки жылдагы титулдук тизмесине Юнусов, Ишматов, Мушкетов көчөлөрүндөгү жолдорду асфальттоо боюнча сунуш киргизилет.


Жыйындын жыйынтыгында шаардык мекеме-ишканалардын жана муниципалдык кызматтардын бир катар жетекчилерине жарандардын көйгөйлөрүн жеринде чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн