Бештин айы 04, 2024
Убакыт: 00:06
USD
86.65
87.15
EUR
90.70
91.70
RUB
0.810
0.870

Бакуда БУУнун конференциясынын алкагында Кыргызстандын павильону ачылды

12.11.2024 15:03
118
Бакуда БУУнун конференциясынын алкагында Кыргызстандын павильону ачылды


Күн мурун Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын (COP29) тараптар конференциясынын алкагында Кыргызстандын Улуттук павильону ачылды.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, COP29да Кыргызстандын Улуттук павильонунун ачылышы өлкөнүн экологиялык демилгелерин дүйнөлүк деңгээлде көрсөттү.

Кыргызстан өз павильонун биринчи жолу ушундай жогорку деңгээлде көрсөтүп, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, анын кесепеттерине ыңгайлашуу жана уникалдуу экосистемаларды коргоо жаатындагы аракеттерин таанытты.

"Павильон туруктуу өнүгүү жана "жашыл" экономикага өтүү боюнча тажрыйба жана билим алмашуу аянтчасына айланды.

Бул окуя дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Кыргызстандагы экологиялык чакырыктарга бурдуруп, экология жаатындагы эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн