Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бала бакчаларды ысык тамак менен мамлекет камсыздашы керек, - депутат

02.11.2023 12:17
370
Бала бакчаларды ысык тамак менен мамлекет камсыздашы керек, - депутат


Жогорку Кеңеште бала бакчаларды ысык тамак менен камсыздоону кайрадан мамлекетке жүктөө боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат. Бул туурасында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.


"Жакында кабыл алынган "Билим берүү жөнүндө" мыйзамда бала бакчаларды ысык тамак менен камсыздоо ата-энелерге жүктөлсүн дегени камтылып калыптыр. Ошол норманы алуу боюнча азыр Социалдык комитетте иштеп жатабыз. Мыйзамга өзгөртүү киргизип, бала бакчада тамак берүү системасын ата-энелерге жүктөбөй, кайрадан мамлекетке алуу сөзсүз түрдө ишке ашат", — деди Самыйкожо.


Белгилей кетсек, жакында эле Финансы министрлиги эми бала бакчаларда тамак-аш ата-энелердин каражатынын эсебинен гана берилерин кабарлаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн