Массалык түрдө тест алганда бала бакчалардын 3
тарбиялоочусунан коронавирус чыкты. Бул тууралуу 7-июндагы брифингде
саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишинин
жандануусунун алдында, баардык кызматкерлеринен инфекцияга каршы тест алынган. Анын
жыйынтыгында үч адамдан коронавирус аныкталды. Жумушка чыга турган 2500 миң
кызматкердин баары ПЧР анализден дагы өтөт. Бүгүнкү күндө алар текшерүүлөрдөн өтүүдө.
Абалды толугу менен көзөмөлгө алабыз”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн