Көк дептер
Балалык бирде балдай бирде балчыктай…
Сүрөт: кошунанын балдары. 1983-жылдар....
Журналист Айгүл Бакеева өзүнүн балалыгын эскергени бар: курбулары болуп айыл четиндеги көлмөгө барып жуунушат да, анан кыштакка киргенче кургап калсын деп баарысы трусыларын чечип, чыбыктын башына илип алышып, желек кылып желбиретип, ырдап алып келишчү экен… Элестетип атасыз да, муну бала дүйнөсү гана кылмак, бала гана ошону ойлоп, ага батынмак.
Иним Марат экөөбүз үйдөгү жумуштун баарын бир карыш кагаздарга жазып чыкчубуз анан аларды бүктөп, тумаккка салып, аралаштырып жерге төгөбүз. Калганы бактыңан: жеңили кимге тиет, оору кимге тиет, кагаздарды бурчка алып барып алып ачасың да, өкүнмөй жок, чырдамай жок деп аларды аткарганга киришесиң.
Кикит
Экөөбүз ойлоп чыгарбаган оюн калган эмес, эл чикит деп ойносо биз ошол эле бир узун бир кыска таякчадан “кикит” деген жаңы оюн ойлоп таптык. Аныбыз чыны менен кызыктуу оюн болчу. Кошуна балдар кээде биз менен “кикитке” кирип кетишчү. Айылга бир барсам ошону кайра эстеп ойнобосок деп калам.
Таттуу айран
Үйдө бою эки карыш, тамак ичкен тегерек, жыгач үстөл бар болчу. Менимче ал азыр да үйдө бар. Ага апам атайы Фрунзеден алып келген гүлдүү кооз дасторкон салынып тураар эле. Иним Марат экөөбүз ошол дасторкондун бетин жакшылап тазалап туруп, бир бидон айранга кумшекер салып, анан айранды текши кылып үстөл бетине жаба төкчүбүз. Үстөлдүн үстү текши төгүлгөн аппак айран. Анан ким айрандын көбүн жалап, ичип бүтөөр экен деп, “Бир, эки, үч!” дегенден кийин экөөбүз үстөлдүн эки жагынан баштачубуз! Тимеле шапылдатып, бири-бирибизди көзүбүздүн үстү менен карап коюп, катуу жарышчубуз. Кумшекер салынбаса балким иче албай калат белек, бирок таттуу “үстөлдү” тимеле бир паста жайлап түшөөр элек…
Жашынмак
Үйдүн айланасын тегеренип “Жашынмак” ойнун көп ойнодук. Кайсы жерде кандай кычык, кандай жайлуу орун барын жатка билдик. Бир күнү бизди издей турган бала башын үйдүн дубалына такап алып жыйырмага чейин санап атат. Мен чуркап баратып, такыр жашынып көрө элек, бою меникинен бийик, калың өскөн шыраалжынга кирип кетейин деп ойлодум. Чуркап ортосуна эңкейип кире калсам эле “бак-баа-ак” этип биздин кызыл тоок так эле менин алдыман, шараалжындан канат кагып атып чыкты. Алдында отуздай жумуртка жатат. “Бу кызыл тоок кайда тууйт?” деп эле издеп атчу элек. Көрсө, биздин тоок дал ушул жерге “жашынчу” экен…
Башка күнү жашынмак маалында Бөлөкбай акемдин калың өскөн огородунда чөптө жатам, чалкалап. Эспарцеттин гүлү аркылуу жымыңдаган күндү карап жатып, таттуу уйкуга мына кирип баратыпмын. Бир кезде эле дал бетимдин үстүн “былп” эттирип бирдеме тебелеп өттү. Чоочуп кетип башымы көтөрсөм иним Марат чуркап өтүп баратыптыр, мени так бетимен тебелеп өттү. Ал мени байкаган жок. Бутун карасам калың ак кеда экен. Олтуруп алып мурду-бетимди күбүп атып күлүп атам: балалык ошол сыяктуу жумшак эле, назик эле, ырахат эле…
Түнкү чөп
Бир күнү айылдашым Бир байке айтты: “Жеңишбек, машинага түшүп тоого баргың келсе жүр, бүгүн кечинде мени менен” деди. Машине анан тоо дегенде тура алчу эмесмин, үйдөгүлөрдөн суранып алып Бир байкенин үйүнө бардым.
– Шашпа, кечки тамакты ичип, түндө бир жакшы кино бар ошону көрүп алып анан шашпай чыгабыз, - деди. Мен ичимен таңгалып калдым: “анда түн кирип кетпейби..?” деп. Айткандай эле болду. Кечки саат 10 дордо жеңебиздин тамагын ичип бүттүк. Анан кино башталды. Кесмеге катуу тойгон жаным кинонун жарымына келгенде уктап калыпмын. Бир маалда “Жеңишбек, кеттик!” деди, Бир байке. Көзүмү уйкудан араң ачсам жер төшөктө бүкүлү жатам, үстүмө жеңе бир фуфайка жаап коюптур. Дубалда саатты карасам түнкү саат бир жарым. Ошо менен машинеге түшүп кыштактан өйдө чыгып кеттик. Бул жолу мага машине анча кызыктуу болбой бир аз кооптуу болду. Терезени карайм. Байкуш кыштак мүрт кеткенсип уктап жатат. “Ак-Мойнокко” барабыз…” деп койду бир кезде Бир байке. Айсыз түн ушунчалык караңгы. Тоолор турмак жол чекелери араң көрүнөт. Бир кезде булт этип жолдон түлкү чыкты. “Түлкүү-үү!” деп кабинаны жаңырта кыйкырдым. Мындай тирүү түлкүнү өз көзүм менен биринчи көрүшүм эле. “Ыя бвйке, ыя, түлкү да бул?”. Бир байке мага жооп бербей туруп рулга өбөктөдү: “Ики-ики карап кой муну, азыы-ыр” деп Бир байке газды түпкө басып түлкүнүн артынан сая түштү. Көрсө, мындайда алар машина жарыгынан чыкпай кете беришет экен да, тызылдап чуркап. Мына-мына деп жакындаган кезде култ этип жолдон ары чыгып, караңгыны көздөй култ этип кирип кетти. Ошондон кийин менин уйкум да, көңүлүм да ачылып калды. Акыры Ак-Мойнокко жеттик. Кыяга бурула берген жерде ДЭУнун сарайлары бар. Ошонун этегинен жарык чыкты. Бирөөлөр жүргөнсүйт. Улам жакындаганда көрдүк, көрсө алар чөптө иштеген жаштар экен. Бир карагайда жарык, жанында токтоп турган машиненин жарыгы, ошол жерде алар музыка коюп алышып бийлеп атышыптыр. Мен көргөн көзүмө ишенген жокмун. Түнкү саат 2 ден өттү а элдер тоо койнунда бийлеп атышат! Бирок чөптө ушундай болоор эле дайым. Жаштарга айла жок. Ошол жаштардын жарымы сырттан келгендер. Биздин айылга чөпкө деп сырттан толтура киши келчү.
Биз тумшуктан тоону көздөй бурулдук. Алар ылдый калышты. Биз бир топ кыянын астына чейин бардык да бир кезде Бир байке машиненин жарыгын өчүрүп ийди да, тоо жакка жол жок жер менен кирип кеттик. Жүрөгүм оозума тыгылды: - Эмне болду ыя байке, свет өчүп калдыбы?! – Болду! Келдик! Жүрү түштүк! деди. Жерге түштүк. Эң эле биринчи тоонун түнкү, чыйрыктырган абасы анан абада аңкыган чабылган чөптүн жыты. Ак-Мойнок ичи жымжырт. Тимеле жымжырт. Алиги жаштардын карааны да, үнү да угулбай калды. “Жеңишбек! деди мага Бир байке акырын шыбырап сүйлөп, - Мобу чөптөрдү көрдүң да, азыр ушуларды машинага жүктөйбүз, деди. – Кайсы чөп? деп эңкейип абай салып карасам көрсө ар кай жерде жаңы эле күндүз престтелген таңгак чөптөр экен. Аа-а! дедим. Мен ошондо түшүндүм, чөпкө ууруга келген турбайбызбы деп. Ичимен аябай опкоолжуп, эч качан жаман көрбөгөн, дайыма ынак болуп калган Бир байкени ошондо биринчи ирет жипкирип, жаман көрүп алдым. Бирок убакыт башкача эле, шуулдап таңгак чөптөрдү машинага жүктөп кирдик. Бирөө көрүп калса кандай болот? Мен эмес Бир байке өзү да катуу алактап, коркуп алган. Тимеле шуулдап жүктөп атат. Аны көрүп мен ого бетер жүрөгүм дүкүлдөп чыкты. Тилекке жараша өтө көп жүктөгөн жокпуз. Бир канча таңгак болгондо “Болду, жетет! Калганы көп болуп кетет! деди Бир байке. Мен ошого сүйүнүп кеттим. Кайра машинеге олтурдук. Чоң жолго түшкөнчө байке машинесинин жарыгын күйгүзгөн жок. Сарайдын жанындагы жаштар укташкан экен, жымжырт. Кыштакты карай жөнөдүк. Байкенин көңүлү ачылып кыңылдап калды. Терезе. Абай салып карасаң тоолордун карааны көрүнөт. Тоолор да уктайт эй, жыргап. Карап турсаң кээде гана кирпигин араң көтөрүп: “Ээ жигит, жакшыбы” демиш болуп кайра тырп этпей уйкуга кирет алар. Мейли, эс алышсын. Таң атса кайра тирилик, боорун тытып чөпчүлөр кайра чачын кырат. Өөндө “Киргизстан” аталган пресстегич чөп пресстейт. Убайын колхоз көрөт, эл көрөт…
Жеңишбек Эдигеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн